Бангладеште базар болгон жерде өрт чыкты

Өрттө кеминде 3 адамдын каза болгондугу билдирилди.

1613470
Бангладеште базар болгон жерде өрт чыкты

Бангладештеги аракандык мусулман качкындар лагеринин жанындагы базарда чыккан өрттө кеминде 3 адам каза болду.

Эрте  менен аракандык качкындар жашаган Кутупалонг лагеринин жанындагы базардагы өрттөн бир нече адам жаракат алып, 20дан ашык дүкөн өрттөндү.

Өрттүн эмне себептен чыкканы  аныктала элек, өрт өчүрүүчүлөрдүн өрттү өчүрүү үчүн бир нече саат бою күрөшкөнү белгиленди.

Каза болгон 3 адамдын базардын кызматкерлери экени маалым болду.

Лагерлерде буга чейин көп жолу өрт чыккан.

23-мартта Балухали качкындар лагеринде чыккан өрттө 28 адам каза болуп, кеминде 40 адам жаракат алды, 10 миң баш калкалоочу жай кыйрады жана 55 миң качкын табигый кырсыктан жапа чекти.



Тектеш кабарлар