АКШда катуу шамал жана сел болду

Божомолдорго караганда 4 адам каза болду.

1610090
АКШда катуу шамал  жана сел болду

АКШнын Теннеси штатындагы Нэшвилл шаарында катуу шамал жана суу ташкынынан  улам алгачкы божомолдорго караганда 4 адам каза болду.

Шаарда катуу болгон бороондон жана нөшөрлөп жааган жамгырдан улам суунун деңгээли көтөрүлүп, агын суулар ташты. Улуттук аба ырайы кызматы Нэшвиллде суу ташкыны боюнча эскертти.

Метрополит Нэшвилл полиция башкармалыгы алдын ала аныктамаларга ылайык, суу ташкынынан 4 адамдын каза болгондугун, суу каптаган унааларда жана  суунун деңгээлинин жогорулашы менен үйлөрүнөн чыга албай калган 130 адамдын куткарылгандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар