Суэц каналындагы кырсык Европага жүк өткөрүүнүн жолун тосууда
Дүйнөнүн эң көп иштеген соода жолдорунун бири болгон Суэц каналынын LNG соодасы үчүн стратегиялык мааниси абдан чоң.
Жер Ортолук деңизи менен Кызыл деңизин байланыштырган Суэц каналында болгон кеме кырсыгынан кийин каналдын мөөнөтсүз деңиз жолуна жабылышы Европага суюлтулган жаратылыш газ өткөрүүнү кыйындатты.
Дүйнөнүн эң көп иштеген соода жолдорунун бири болгон Суэц каналынын LNG соодасы үчүн стратегиялык мааниси абдан чоң.
Өткөн жылы канал аркылуу Катардан Европага жумасына орточо беш жолудан жалпы 260ка жакын LNG жүгү жиберилди.
Каналда кургактыкка чыгып деңиз жолунун токтошуна чебеп болгон «Эвергрин» кемесин куткаруу иштери улантылууда. Каналдын бир канча жума жабык болуу ыктымалы Европага бара турган LNG жүктөрү үчүн чоң коркунуч туудурууда.
Бир жуманын ичинде маршрут өтүүгө даяр болсо да каналдан өтүү үчүн кемелер кезекке турушу керек болот.
Дүйнөнүн негизги суу жолдорунун бири болгон Суэц каналында 24 - мартта контейнер кеме «Эвергрин» кум бороону жана начар аба шарттарынан улам көрүү аралыгынын кыскарышы менен кургактыкка чыгып кырсыкка учураган.
Түркия Суэц каналынын ачылышы тууралуу Египетке жардам берүүнү сунуш кылган.