АКШдагы куюндун кесепети

Куюндун айынан кеминде 5 адамдын каза болгондугу, үйлөргө жана имараттарга чоң зыян келтиргендиги билдирилди.

1608855
АКШдагы куюндун кесепети

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Техас штатында туруксуз аба-ырайы жана электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашынан улам каза болгондордун саны 111ге жетти.

Техас штаты баш болгон өлкөнүн ички борбордук жана түштүк бөлүктөрүнө таасирин тийгизген калың кар жана тоңгон муз жагымсыз жагдайларды жаратты.

Ассошиэйтед Пресс билдиргендей, катуу сууктан жана ага байланыштуу кырсыктардан улам 111 адам көз жумду.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Алабама штатында болгон куюндарда болсо кеминде 5 адам каза болду.

Улуттук метеорология кызматы, штат боюнча 7 башка жерде катуу куюн болгонун билдирди.

Калхун полиция башчысы, аймактардан өткөн куюндун айынан кеминде 5 адамдын каза болгонун, үйлөргө жана имараттарга чоң зыян келтиргендигин айтты.

Бирмингем аймагынын Улуттук метеорология кызматы да Твиттердеги аккаунтунда калкты куюн коркунучу жөнүндө эскертти.

Пельхем шаарындагы 30-50 имараттын куюндан жабыркагандыгы кабарланган билдирүүдө, үйлөрдүн чатырлары учуп бак-дарактар ​​жана электр мамылары талкалангандыгы белгиленди.

Алабамада 17 миңден ашуун үй бүлөдө электр жарыгы үзгүлтүккө учурады.

Алабама штатынын губернатору Кей Ивери, өзгөчө  штаттын түндүгүндөгү 46 аймакта куюн коркунучунун уланышы мүмкүн экендигин эскертип, жарандарды зарыл болгон чараларды көрүүгө чакырды.

Метеорологдор куюнга себеп болгон аба шарттарынын Алабама, Теннеси жана Жорджия сыяктуу штаттарга таасирин тийгизип, болжол менен 5,5 миллион адамды камтыйт деп эскертишти.



Тектеш кабарлар