Нигерияда Ковид19га каршы эки вакцина иштелип чыкты

Вакциналар клиникалык сыноолор аяктап сертификат алгандан кийин колдонулат.

1607270
Нигерияда Ковид19га каршы эки вакцина иштелип чыкты

Батыш Африка өлкөсү Нигерияда коронавируска (Ковид-19) каршы атамекендик эки вакцина иштелип чыккандыгы маалымдалды.

Нигерия өкмөтүнүн басма сөз катчысы жана Ковид-19 менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Босс Мустафа өз билдирүүсүндө, өлкөдөгү илимпоздордун Ковид-19га каршы атамекендик эки вакцинаны ойлоп тапкандарын билдирди.

Иштелип чыккан вакциналардын клиникалык сыноолору уланып жаткандыгын айткан Мустафа: «Вакциналар клиникалык сыноолор аяктап сертификат алгандан кийин колдонулат. Бул илимий жетишкендиктер жаңы көз карашты алып келет жана өлкөдөгү медицина тармагынын имиджин көтөрөт»,- деди.

Мустафа, тиешелүү мекемелерди өлкөдөгү изилдөөчүлөргө дем берүү жана түрткү берүү үчүн аларды колдоого чакырды.

Нигерия буга чейин глобалдык COVAX программасынын алкагында 4 миллион 224 миң доза AstraZeneca вакцинасын алган болчу.



Тектеш кабарлар