Макрон: «Түркия маанилүү өнөктөш»

Качкындар маселесинде Түркиянын маанилүү өнөктөш экенин айткан Макрон, НАТОнун мүчөсү жана соода өнөктөшү болгон Түркия менен диалог түзүү керектигин баса белгиледи.

1607196
Макрон: «Түркия маанилүү өнөктөш»

Франциянын президенти Эммануэль Макрон, качкындар маселесинде Түркиянын маанилүү өнөктөш экенине токтолуп, Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүн Түркия менен чогуу иштешүүгө чакырды.

Француз телеканалы France 5ке маалымат берген Эммануэль Макрон, Европа Биримдиги өлкөлөрүн «Эгерде Түркия каалгаларын ачып салса Европага келген 3 миллион качкыңар болот», деп эскертти.

Качкындар маселесинде Түркиянын маанилүү өнөктөш экенин айткан Макрон, НАТОнун мүчөсү жана соода өнөктөшү болгон Түркия менен диалог түзүү керектигин баса белгиледи.

Макрон ЕБнин Түркияга «Эми биз сиз менен иштешбейбиз, эч кандай сүйлөшүүлөр жок" деген учурунда Түркиянын бир түндүн ичинде чек ара бекеттерин ачышы мүмкүн экенин белгилеп, ЕБнин бир мезгилде 3 миллион качкын көйгөйү менен бетме-бет келээрине көңүл бурду.



Тектеш кабарлар