Sinovac: "CoronaVac вакцинасы балдарда натыйжалуу жана коопсуз"

ДССУ Кытайдын Синовак вакцинасын чукул колдонууга марттын аягына чейин уруксат берилерин билдирди.

1606669
Sinovac: "CoronaVac вакцинасы балдарда натыйжалуу жана коопсуз"

Кытайлык Sinovac компаниясы, коронавируска (Ковид-19) каршы иштеп чыккан CoronaVac вакцинасынын 3 жаштан 17 жашка чейинки балдарда "натыйжалуу жана коопсуз" экендигин жарыялады.

Sinovacтын медициналык директору Гынг Зынг өткөргөн пресс-конференцияда эрте жана орто баскычтагы клиникалык сыноолорго 550дөн ашуун ыктыярчынын катышкандыгын белгиледи.

Жыйынтыгына ылайык, 3 жаштан 17 жашка чейинки балдарда вакцинанын эффективдүү жана коопсуз экендигин айткан Гынг, 3 жана 6 жаштагы эки баланын вакцина сыноолору учурунда дене табы көтөрүлгөндүгүн, беркилеринде жеңил белгилер байкалганын билдирди.

Кытай менен катар дүйнө жүзүндө 70 миллиондон ашуун адам Синовак вакцинасы менен эмделди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Кытайдын Синовак вакцинасын чукул колдонууга марттын аягына чейин уруксат берилерин жарыялады.



Тектеш кабарлар