Нигердеги кол салуулар: 137 адам каза тапты

Жекшемби күнү Тахуа аймагындагы Интазайене, Бакорат жана Вистане айылдарына кол салуулар болгон.

1606471
Нигердеги кол салуулар: 137 адам каза тапты

Нигердин Мали чек арасындагы айылдарга кол салуудан каза тапкандардын саны 137ге жетти.

Өкмөттүн өкүлү Закария Абдурахманенин мамлекеттик телеканалга билдиргенине караганда, жекшемби күнү Тахуа аймагындагы Интазайене, Бакорат жана Вистане айылдарына жасалган кол салуулардан 137 адам көз жумду.

Алгач каза тапкандардын саны 30 деп кабарланган.

Нигерде өткөн жумада да Мали чек арасындагы Тиллабери аймагындагы мал базарынан кайтып келе жаткан жарандарды ташыган автобуска кол салуу болгон жана кеминде 58 адам каза болуп, өлкөдө 3 күндүк аза күтүү жарыяланган.

Ал эми январь айында өлкөнүн батышындагы Чомбанго жана Зарумдарейе айылдарына жасалган чабуулдарда кеминде 100 карапайым адам курман болгон.

Сахел аймагында "3 мамлекеттин чек арасы" деп аталган Буркина-Фасо, Мали жана Нигер акыркы жылдары террордук уюм Аль-Каидага жана ДЕАШ террордук уюмуна мүчө топтордун кол салууларына дуушар болушууда.



Тектеш кабарлар