Расулайнда жарылуу болду
Жарылууда 4 жаран каза болуп, 9 жаран жаракат алды,
1605962

Сирияда "Тынчтык булагы" операциясы менен жикчил террордук уюм ЙПГ / ПККдан тазаланган Расулайн районунда болгон жарылууда 4 жаран каза болуп, 9 жаран жаракат алды. Каза болгондордун экөөсү балдар болгон.
Шанлыурфанын Жейланпынары районунун маңдайында жайгашкан Сириянин Расулайн районунда Түркия убактысы боюнча саат 01:00 чамаларында себеби азырынча белгисиз жарылуу болду.
Расулайндагы оорукананын жетекчилеринин билдиргиненине караганда жарылууда 4 жаран каза болуп алардын экөөсү балдар болгон жана 9 жаран жаркат алган.
Жаралуулар райондун борборундагы ооруканага алып барылды.
Жарылуу болгон үйдө олуттуу материалдык чыгымдын болгонун белгилеген коопсуздук күчтөрү жарылуунун себебине байланыштуу иликтөөнү жүргүзө башташты.