АКШдагы коштоочусуз мыйзам тышы иммигрант балдардын саны 15 000ден ашты

Чек арадагы жетекчилер акыркы 21 күндө күнүмдүк орточо 500дөн ашуун коштоочусуз баланын өлкөгө киргендигин маалымдашты.

1605910
АКШдагы коштоочусуз мыйзам тышы иммигрант балдардын саны 15 000ден ашты

АКШнын Мексика чек арасындагы штаты Тексастагы убактылуу кармоочу жайларда акыркы учурларда өлкөгө кирүүгө аракет кылган мыйзам тышы иммигранттардын саны көбөйүүдө.

CBS каналындагы кабарда эң көп 72 сааттык көзөмөлдөөлөр үчүн долбоорлонгон Бажы жана чек араны коргоо бөлүгүнө таандык комплекстерде 5 000ге жакын коштоосуз жүргөн иммигрант балдардын ороточо 136 саат кармалгандыгына орун берилди.

18  жашка чейинки 10 500 коштоочусуз баланын да саламаттык сактоо министрлигине таандык баш калкалоочу жайларда кармалгандыгы билдирилди.

Кабарда февраль айында рекорддук деңгээлде 9 400 баланын жанында коштоочусу болбостон АКШга мыйзам тышы жолдор менен киргендигине басым жасалды жана бул сандын бул айда дагы да жогорулай тургандыгы күтүлүүдө.

Чек арадагы жетекчилер акыркы 21 күндө күнүмдүк орточо 500дөн ашуун коштоочусуз баланын өлкөгө киргендигин маалымдашты.



Тектеш кабарлар