Нигерияда куралдуу кол салуу болду

Кол салууда 13 адам каза тапты.

1605019
Нигерияда куралдуу кол салуу болду

Нигериянын Кадуна штатында куралдуу кол салуудан 13 адам каза болду.

Улуттук коопсуздук жана ички иштер боюнча Кадуна мамлекеттик комиссары Сэмюэль Аруван билдиргендей, белгисиз куралчан адамдар провинциянын Зангон Катаф, Чикун жана Кару райондорунда кол салган.

Аруван кол салуулардан 13 адамдын каза болуп, 7 адамдын жаракат алгандыгын белгиледи.

Кол салууларда 56 үйдүн жана 16 мотоциклдин күйгөндүгүн айткан Аруван, аймактын тургундарынын коркконунан үйлөрүн таштап кетишкендерин белгиледи.

Өлкөдө акыркы учурларда куралчан адамдар мотоцикл менен кол салууларды уюштургандыктан, айрым штаттарда мотоциклдерди колдонууга тыюу салынган.

Эки күн мурун куралдуу адамдар уюштурган кол салуудан 19 адам каза болгон.



Тектеш кабарлар