Бириккен Арап Эмираттары дрондор менен жамгыр жаадырат

Эмгек ийгиликтүү боло турган болсо, изилдөөчүлөр чоң учак менен ушундай иштерди аткаруу үчүн керектүү каражаттарды табууга болорун ойлошкондорун билдиришти.

1604689
Бириккен Арап Эмираттары дрондор менен жамгыр жаадырат

Бириккен Араб Эмираттары атайын чыгарылган дрондорду булуттарга учуруп, жамгыр жаадырат.

Sputnik билдиргендей, Бириккен Арап Эмираттары жарыяланган жаңы долбоор менен дрондордун жардамы менен булуттарга "шок" колдонуп, жаан-чачындын көбөйүшүн пландап жаткандыгын жарыялады.

Жамгыр программасынын башында турган Аля аль-Мазруи бул долбоор төмөнкү бийиктикте учкан дрондордун жардамы менен булуттардагы электр зарядынын тең салмактуулугун өзгөртүүгө багытталган деп билдирди. Аля аль-Мазруи дрондордун Британияда иштелип чыгып, Дубайда сыноодон өткөнүн айтты.

Өлкөдөгү кургакчылыкка карабастан "булуттардын көп" экендигин айткан Аль Мазруи Араб Ньюс агенттигине берген маегинде планды «статикалык электр менен туш келгенде чачтардын таракка жабышканына» окшотуп, дрондордун абага "электр заряддуу иондорду" ташый тургандыгын белгиледи.

Кургакчылык менен күрөшүп жаткан өлкөдө Бириккен Арап Эмираттарынын өкмөтү 2017-жылы 9 башка "жамгырды жакшыртуу долбоору» үчүн 15миллион долларлык бюджет бөлгөн.

Эмгек ийгиликтүү боло турган болсо, изилдөөчүлөр чоң учак менен ушундай иштерди аткаруу үчүн керектүү каражаттарды табууга болорун ойлошкондорун билдиришти.



Тектеш кабарлар