Нигердеги кол салуудан 58 адам каза болду
Куралчан кишилер кечээ мал базарынан кайтып келе жаткандарды ташыган автобуска кол салышты.
1602685
Нигердин Мали чек арасындагы жайкын тургундарды бутага алган террордук кол салуудан 58 адам каза болду.
Өкмөттүн билдирүүсүнө караганда, мотоциклчен куралчан кишилер кечээ Тиллабери аймагындагы Банибангу жергесиндеги мал базарынан кайтып келе жаткандарды ташыган автобуска кол салышты.
Окуяда алгачкы белгилөөлөргө караганда 58 адам көз жумду.
Айрым жергиликтүү булактар каза болгондордун саны 65 деп билдиришти.
Жоопкерчилигин азырынча эч ким мойнуна ала элек кол салууну террордук уюм ДАЕШ жасаган болушу мүмкүн экени белгиленди.