Британия министринен Түркия - Британия эркин соода келишимине мактоо

Лиз Трусс Түркия менен Британиянын ортосунда кол коюлган эркин соода келишиминин Форддун эки өлкөдөгү инвестицияларын улантуусуна мүмкүнчүлүк түзгөндүгүн айтты.

1603017
Британия министринен Түркия  -  Британия эркин соода келишимине мактоо

Британиянын соода министри Лиз Трусс Түркия менен Британиянын ортосунда кол коюлган эркин соода келишиминин Форддун эки өлкөдөгү инвестицияларын улантуусуна мүмкүнчүлүк түзгөндүгүн айтты.

Трусс Форддун инвестиция чечимдерин билдиргенден кийин твиттерден берген маалыматында : «Түркия менен соода келишимибиздин Форд Британия сыяктуу чоң автомобиль өндүрүүчүлөрүбүздүн камсыздоо чынжырларын сактап калуу менен жумуш менен камсыз кылууну ишеним астына алууда жардамчы болушу сонун кабар. Келишим алардын Британияга инвестиция салуусун улантуусу үчүн ишеним берет»,- деди.

Форд компаниясы 16 -  мартта Transit Custom унааларынын жаңы мууну үчүн дизелдик моторлордун Британияда  Дагенхем шаарындагы заводунда чыгарыларын жарыялаган.

Компаниядан берилген маалыматта Британияда чыгарыла турган унаанын моторлору Түркияда Форд  Отосан тарабынан чыгарыла турган Transit Custom жаңы муундагы унааларга орнотулат.

Компаниянын бул эки өлкөдөгү биргелешкен инвестициясы Британияда Форддун Дагенхем шаарындагы зводунда иштеген 1900 кишини жумуш менен камсыз кылуунун улантылышына мүмкүнчүлүк түзөт.

Форд 2020 -  жылы жалпы 1700 киши жумуш менен камсыз кылынган Галлердеги Бридженд мотор заводун жабуу чечимин чыгарган.



Тектеш кабарлар