Мексика чек арасындагы качкындар кризиси

Жен Псаки, мурунку президент Дональд Трамп жетекчилигинин качкындар саясатын айыптады.

1602050
Мексика чек арасындагы качкындар кризиси

Америка Кошмо Штаттарынын Ак үйүнүн басма сөз катчысы Жен Псаки, Мексика чек арасындагы коштоосуз жүргөн мыйзамсыз иммигрант балдардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу мурунку президент Дональд Трамп жетекчилигинин качкындар саясатын айыптады.

Ак үйдө өткөрүлгөн маалымат жыйында Псаки, Мексика чек арасынан мыйзамсыз өткөн жана аймактагы убактылуу кармоочу жайларда кароосуз жүргөн балдардын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу: «Биз мунун олуттуу көйгөй экендигин моюнга алабыз, бирок мурунку жетекчилик бизге берки көйгөйлөр сыяктуу эле чачыранды жана колдонулгус качкындар системасын калтырып кетти. Бул көйгөйдү чечүү үчүн колубуздан келишинче аракет кылабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар