Испанияда бул жылы да белгилүү фестивалдер өткөрүлгөн жок

Ла Томатина фестивалы ушул кезге чейин  1956 -  жылы гана саясий себептерден улам өткөрүлгөн эмес.

1600558
Испанияда бул жылы да белгилүү фестивалдер  өткөрүлгөн жок

Испанияда дүйнөгө белгилүү диний жана маданий иш чаралар Ковид  - 19 эпидемиясынын айынан өткөн жылы болгондой бул жылы да өткөрүлгөн жок.

Лас Фаллас фестивалы жана паскалия аземдеринен кийин эпидемиядан улам жоюлган иш чараларга акыркы жолу «Помидор согушу» деп билинген Ла Томатина фестивалы кошулду.

Валенсия шаарынын Бунол районунда жыл сайын август айынын акыркы шаршемби күнү өткөрүлгөн жана 79 жылдык бир салт болгон Ла Томатина коронавирустун жайылуу коркунучунан улам жергиликтүү башкаруунун чыгарган чечими менен жоюлду.

Аймакка негизги экономикалык киреше алып келген жана эпидемиядан мурда жыл сайын көп сандаган турист барган Ла Томатина ушул кезге чейин  1956 -  жылы гана саясий себептерден улам өткөрүлгөн эмес.

Дүйнөлүк эпидемияга байланыштуу Испанияда 2020-жылдын март айынан бери коомчулуктун катышуусундагы маданий иш чаралар өткөрүлбөй калгандыктан  мунун кесепетинен келип чыккан экономикалык жоготуулардын чоң экендиги айтылууда.

Сан-Фермин фестивалынын Памплона шаарынын экономикасына кошкон салымы жылына болжол менен 74 миллион евро экендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар