ДССУ: «Эмдөөдөн эч ким каза болгон жок»

ДССУнун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус уюмдун Швейцариянын Женева шаарындагы кеңсесинде видеоконференция аркылуу маалымат жыйынын өткөрдү.

1600436
ДССУ: «Эмдөөдөн эч ким каза болгон жок»

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) дүйнө жүзүндө коронавируска (Ковид-19) каршы 335 миллиондон ашуун адамдын эмделгендигин жана вакцинанын айынан эч кимдин каза болбогонун билдирди.

ДССУнун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус уюмдун Швейцариянын Женева шаарындагы кеңсесинде видеоконференция аркылуу маалымат жыйынын өткөрдү.

Гебреисус кээ бир өлкөлөрдүн Оксфорд университетинин AstraZeneca компаниясы менен иштеп чыккан вакцинанын колдонулушун токтотконун билгендиктерин жана бул вакцина боюнча тергөө иштери уланып жаткандыгын айтты.

Дүйнөдө 335 миллиондон ашуун коронавирус вакцинасы колдонулганын белгилеген Гебреисус, вакцинанын айынан эч кимдин каза болбогонун билдирди.

Кечээ Жонсон жана Жонсон коронавирустук вакцинасын чукул колдонууга уруксат бергендерин маалымдаган Гебреисус, бул вакцинанын ДССУ тарабынан бекитилген 4-вакцина экендигин белгиледи.

Гебреисус шашылыш колдонууга уруксат берилген вакциналардын, Коронавирустук вакциналар жана эмдөө боюнча глобалдык альянстын (COVAX) алкагында колдонуларын билдирди.



Тектеш кабарлар