Россияда Твиттердин ылдамдыгы басаңдатылат

Роскомнадзор 10-марттан тарта Твиттер социалдык медиа тиркемесинин ылдамдыгы басаңдай тургандыгын билдирди.

1598582
Россияда Твиттердин ылдамдыгы басаңдатылат

Россияда Твиттердин ылдамдыгы басаңдатылат.

Россиянын Федералдык Маалыматтык технологиялар жана Массалык байланышты көзөмөлдөө органы (Роскомнадзор), 10-марттан тарта Твиттер социалдык медиа тиркемесинин ылдамдыгы басаңдай тургандыгын билдирди.

Роскомнадзордун билдирүүсүндө, 2017-жылдан бери өз жанын кыюуга, уят сөздөргө жана баңгизатка үндөгөн материалдарды алып салуу боюнча Твиттерге 28 миң сурам жөнөтүлгөндүгү белгиленди.

Булардын 3 миңден ашыгынын алынып салынбагандыгы маалымдалган билдирүүдө: «Орус жарандарын коргоо жана аларды мыйзамды сактоого үндөө максатында 10-марттан тарта Твиттердин ылдамдыгын басаңдатуу чечими кабыл алынды» делди.

Билдирүүдө, эгерде Твиттер мыйзамды буза берсе, Россияда ага бөгөт коюлушу мүмкүн экендиги айтылды.



Тектеш кабарлар