Францияда Нотр-Дам соборунун мунарасын куруу үчүн 230 жылдык дарактар кыйылууда

Жыл башында аныкталган 1000 эмен дарагын кыюу иштери башталды.

1598711
Францияда Нотр-Дам соборунун мунарасын куруу үчүн 230 жылдык дарактар кыйылууда

Францияда 2 жыл мурда өрттөнгөн Нотр-Дам соборунун мунарасы жана чатырын кайрадан куруу үчүн 230 жылдык дарактар кыйылууда.

Президент Еммануэль Макрон 19 -  кылымда Эженом Виолле-ле-Дюк долбоорлогон 96 метрдик мунарасынын оригиналына ылайыкташтырып жаңыдан куруларын жарыялаган.

Ушул алкакта, жыл башында аныкталган 1000 эмен дарагын кыюу иштери башталды. Бул кыйылган дарактардын арасында 230 жылдык дарактар да бар.

Дарактардын кыйылышына көп сандаган социалдык медиа колдонуучулары каршылык көрсөтүштү. Айрымдары дарактарды кыюну «уят» десе айрымдары «табият кыргынын токтоткула» деген чакырууларды салышты.

Франциянын белгилүү Нотр-Дам собору 2019-жылдын апрель айында чыккан өрттө чоң зыян тарткан.



Тектеш кабарлар