ДСУ Экватор Гвинеясына жардам берүүгө чакырды

ДСУ  Экватор Гвинеясында 7 -  мартта болгон жарылууда 100гө жакын адам каза болгондон кийин бул өлкөгө жардам берүүгө чакырды.

1598709
ДСУ Экватор Гвинеясына жардам берүүгө чакырды

ДСУ  Экватор Гвинеясында 7 -  мартта болгон жарылууда 100гө жакын адам каза болгондон кийин бул өлкөгө жардам берүүгө чакырды.

ДСУнун Африка кеңсеси твиттерден берген маалыматта Экватор Гвинеясына гуманитардык жардам үчүн даярдыктын көрүлгөндүгү билдирилди.

Маалыматта эл аралык гуманитардык жардам мекемелерине да чакыруу салынып, жаралуулар жана аймак калкы үчүн кадам ташталышы керектиги баса белгиленди.

Экватор Гвинеясынын эң чоң шаары Батадагы казармада  7 -  мартта болгон жарылууда каза болгондордун саны 98ге, жаралуулардын саны 615ке жеткен.

Жарылуудан  кийин казармага жакын бир топ үй кулап, бир нече адам уранды астында калган.

42 жылдан бери өлкөнү башкарган президент Теодоро Обианг Нгуема мамлекеттик телекөрсөтүү каналы TVGEге берген маалыматта кырсыктын динамит жана ок  - дары сакталган кампалардан жооптуу бөлүмдүн шалаакылыгынан келип чыккандыгын белгилеген.



Тектеш кабарлар