Айда Россия-Кытай кызматташтыгы

Россия менен Кытай Айда биргелешкен космостук станция курат.

1598211
Айда Россия-Кытай кызматташтыгы

Россия менен Кытайдын ортосунда Айда биргелешкен космостук станция куруу боюнча меморандумга кол коюлду.

Россиянын Федералдык Космос агенттигинин (Роскосмос) жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Роскосмос менен Кытайдын Улуттук Космостук Башкармалыгынын (CNSA) ортосунда Айда изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн биргелешкен станция түзүү жөнүндө меморандумга кол коюлгандыгы белгиленди.

Аты аталган станцияны бардык кызыкдар өлкөлөрдүн пайдалана алаары маалымдалган билдирүүдө: «Роскосмос менен Кытайдын Улуттук Космостук Башкармалыгынын кызматташтыгы, илимий изилдөөлөрдүн өз ара байланышын чыңдоого жана космос мейкиндигин бүткүл адамзаттын кызыкчылыктары үчүн тынчтыкчыл максаттарда пайдаланууга салым кошот» деп айтылды.



Тектеш кабарлар