Япония аракандык мусулмандарга жардам көрсөтөт
Мьянманын Аракан аймагындагы кысым жана куугунтуктоодон качкан аракандык мусулмандарга каржылык колдоо көрсөтүлөт.
Япония аракандык мусулман (Рохинжа) качкындарга азык-түлүк жана медициналык муктаждыктарынын камсыздалышы үчүн 19 миллион долларлык шашылыш жардам көрсөтөт.
Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Мьянманын Аракан аймагындагы кысым жана куугунтуктоодон качкан аракандык мусулмандарга каржылык колдоо көрсөтүлөт.
Ушул алкакта Япония Эл аралык Кызыл Крест комитети, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Эл аралык миграция уюму (IOM) аркылуу аракандык мусулмандарга 19 миллион долларлык чукул жардам көрсөтөт.
Гранттын алкагында Мьянма жана Бангладештеги 58 ооруканага жана саламаттыкты сактоо мекемелерине медициналык жабдуулар менен эки өлкөдөгү 600 миң адамга азык-түлүк жардамы жеткирилет.
БУУнун маалыматы боюнча 2017-жылдын августунан кийин Аракандагы кысым жана куугунтуктан качып Бангладешке баш калкалаган адамдардын саны 900 миңге жетти.
Тектеш кабарлар
Кытайда болгон сел жана жер көчкүдө 4 адам каза болуп, 10 адам дайынсыз жоголду
Кытайда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жана жер көчкү болуп, 4 адам каза болду.