Германиядан Эрдоган-Меркель сүйлөшүүсү боюнча билдирүү

Немис өкмөтүнүн басма сөз катчысы Штеффен Зайберт, Меркель менен президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ видеоконференция аркылуу сүйлөшүү өткөргөндөрүн эске салды.

1596121
Германиядан Эрдоган-Меркель сүйлөшүүсү боюнча билдирүү

Германиянын канцлери Ангела Меркелдин, Түркия менен Европа Биримдигинин ортосундагы ар тараптуу жана конструктивдүү мамилелеринин маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктаганы белгиленди.

Немис өкмөтүнүн басма сөз катчысы Штеффен Зайберт, Меркель менен президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ видеоконференция аркылуу сүйлөшүү өткөргөндөрүн эске салды.

Басма сөз катчы Зайберт, эки лидердин коронавируска (Ковид-19) каршы күрөшүү жана Жер Ортолук деңизинин чыгышындагы кырдаал менен бирге ар кандай аймактык маселелерди талкуулашканын билдирди.

«Канцлер ЕБ менен Түркиянын ортосундагы ар тараптуу жана конструктивдүү мамилелердин маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктады» деген Зейберт, президент Эрдоган менен канцлер Меркелдин Ливияда Абдулхамид Дибейбе башкаруусундагы өкмөттү куруу үчүн өлкөнүн ичинде жана тышында ар тараптуу колдоо керектиги жөнүндө бир пикирге келишкенин белгиледи.

Меркелдин Жер Ортолук деңизинин чыгышындагы талаштуу маселелерди диалог жолу менен жана эл аралык укуктун негизинде гана чечүүгө боло тургандыгын баса белгилегенин айткан Зайберт, канцлердин Кипр маселеси боюнча расмий эмес сүйлөшүүлөрдүн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) ортомчулугунда жакында баштала турган болушун кубаттаганын айтты.



Тектеш кабарлар