Кремль: «АКШнын Орусияга каршы химиялык курал айыптоолору негизсиз»

«Вашингтон Орусияны негизсиз айыптап жатат» деген Песков, Орусиянын химиялык куралдардын запастарын жок кылгандыгын жактады.

1595920
Кремль: «АКШнын Орусияга каршы химиялык курал айыптоолору негизсиз»

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Орусияга каршы "химиялык курал" айыптоолорунун "негизсиз" экенин билдирди.

Песков борбор шаар Москвада жасаган билдирүүсүндө, АКШнын Орусияны химиялык куралга ээ деп айыптап жатканына сереп салды.

«Вашингтон Орусияны негизсиз айыптап жатат» деген Песков, Орусиянын химиялык куралдардын запастарын жок кылгандыгын жактады.

Песков: «Орусиянын Химиялык куралдар боюнча келишимдеги милдеттенмелеринин негизинде, химиялык куралды өндүрүү менен байланышкан бардык программалар жокко чыгарылды»,-деп айтты.

Дмитрий Песков, АКШ менен Британиянын орус оппозициячыл Алексей Навальныйдын химиялык заттан ууланган деген негизде Орусияга кошумча санкцияларды киргизе турганына байланыштуу: «Орусия муну түшүнүп жатат жана эске алууда. Биз өлкөбүздүн, жарандарыбыздын жана ишканаларыбыздын кызыкчылыктарын коргоо үчүн ар кандай сценарийлердин үстүнөн иштеп жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар