Ковид - 19 вакцинасы биринчи жолу маймылдарга да берилди

Январь айында Сан Диего зоопаркында 8 горилланын Ковид – 19 тесттеринин позитив чыгышы менен жетекчилер  аракетке өттү.

1595840
Ковид  - 19  вакцинасы биринчи жолу маймылдарга да берилди

Ковид  - 19  вакцинасы адамдардын тышында маймылдарга да берилди.

АКШнын Калифорния штатындагы Сан Диего зоопаркында айрым орангутан жана шимпанзе түрлөрүнө Ковид  - 19 вакцинасы берилди.

Бул абал менен бирге адамдардын тышында биринчи жолу жаныбарларда коронавирус вакцинасы сыналды. 

Январь айында Сан Диего зоопаркында 8 горилланын Ковид – 19 тесттеринин позитив чыгышы менен жетекчилер  аракетке өттү.

Азыркы учурда айыгуу процессине кирген жаныбарлар коркунучтуу абалды өткөрүп, ветеринарлардын топ түрүндө жашаган горилла, орангутан, шимпанзе жана башка сүт эмүүчүлөргө да Ковид  - 19 вакцинасын берери билдирилди.

Зоопарктын жетекчиси Надине Ламберски биринчи жолу бир вакцинанын жанбарларга берилгенин белгилеп : «Жаныбарлардын арасындагы оорулар бат жайылып баратат жана айыгуу процесстери да абдан кыйын. Вакцина берилген жаныбарлар ушул кезге чейин эч бир симптом көрсөткөн жок. Абалдары абдан жакшы»,- деп билдирди.

Ламберски вакциналардын белгилүү бир түр үчүн эле эмес организмдеги патогендерге каршы күрөшүү үчүн иштелип чыккандыгын айтып,  жаныбарлардын баарында бирдей өлчөмдө колдонуунун эч кандай зыяны жок экендигин билдирди.

Ламберски  адамдар үчүн чыгарылган грипп жана кызамык вакциналарынын маймылдарга да берилгендигин айтты.



Тектеш кабарлар