Ковид-19 Латын Америка жана Кариб аралдарын жакырчылыкка түрттү

Латын Америка жана Кариб аралдарында 20 миллиондон ашуун адам жакырчылыкка кабылды.

1595889
Ковид-19 Латын Америка жана Кариб аралдарын жакырчылыкка түрттү

Коронавирус (Ковид-19) Латын Америка жана Кариб аралдарында акыркы 20 жылдагы эң жогорку жакырчылыкка себеп болду.

Бириккен Улуттар Уюмунун Латын Америка жана Кариб аралдарынын Экономикалык Комиссиясынын Аткаруучу катчысы Алисия Барсена жарыялаган отчетко ылайык, Латын Америка жана Кариб аралдарында 20 миллиондон ашуун адам жакырчылыкка кабылды.

Аймакта негизги азык-түлүк муктаждыктарын камсыздай албаган албаган адамдардын саны 78 миллионго (калктын 12,8 пайызы) көбөйгөндүгү билдирилген отчетто, бул көрсөткүч акыркы 20 жылдагы эң жогорку көрсөткүч деп белгиленди.

Отчетто ички дүң өнүмдүн 7,7 пайызга азайганы белгиленип, пандемияга байланыштуу жакырчылыктын көбөйүшү бир жылдын ичинде 208 миллион адамга таасир эткендиги белгиленди.

Кирешелердин теңсиздиги "туруксуз" деңгээлге жеткендиги кабарланган отчетто, аймакта узак мөөнөткө кечеңдетилген чыныгы социалдык мамлекеттин түзүлүүсү керектиги айтылды.

Мындан тышкары отчетто 2020-жылдын аягына чейин жумушсуздуктун деңгээли 2,6 пайызга көбөйүп 10,7ге жеткендиги белгиленип, эпидемияда көбүнчө иммигранттар жана аялдар каза болгону кабарланды.

Латын Америка жана Кариб аралдарында 2020-жылы Ковид-19дан 507 миңден ашуун адамдын каза тапкандыгы билдирилди.

Комиссия буга чейин жарыяланган отчетунда, Ковид-19 вирусунун таасиринен улам чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн экономикасы 2020-жылы 9,1 пайызга төмөндөшү күтүлүп жаткандыгын жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар