Грецияда жер титиреди

Жер титирөөнүн 15 чакырым тереңдикте болгондугу билдирилди.

1594358
Грецияда жер титиреди

Грециянын Лариса шаарында күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Афинадагы Жер илимдери институту, жер титирөөнүн шаардын борборунан 24 чакырым түндүк-батышта жерден 15 чакырым тереңдикте болгонун билдирди.

Негизги жер титирөөдөн 3 мүнөттөн кийин 4,4 баллдык кайталган термелүү болду.

Борбор шаар Афинада дагы сезилген 5,9 баллдык жер титирөөдөн жабыркагандар бар же жок экени жөнүндө азырынча билдирүү жасала элек.

Экинчи жагынан Апаат жана чукул кырдаалды башкаруу башкармалыгы (AFAD) жер титирөөнүн күчү 6,2 баллга жеткенин кабарлады.



Тектеш кабарлар