БУУ Йемендеги азык-түлүк коопсуздугу үчүн күйүүчү май тартыштыгынын чечилиши боюнча эскертти

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын билдирүүсүндө, Йемендеги күйүүчү майдын тартыштыгы ансыз деле каргашалуу болгон азык-түлүк коопсуздугун кыйла начарлатып жатканы эскертилди.

1594051
БУУ Йемендеги азык-түлүк коопсуздугу үчүн күйүүчү май тартыштыгынын чечилиши боюнча эскертти

 

Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАП) Йемендеги азык-түлүк коопсуздугун начарлатуучу коркунуч  болгон күйүүчү май тартыштыгын чечүүгө чакырды.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын билдирүүсүндө, Йемендеги күйүүчү майдын тартыштыгы ансыз деле каргашалуу болгон азык-түлүк коопсуздугун кыйла начарлатып жатканы эскертилди.

Билдирүүдө 3-январдан бери Йемендеги Аль-Худейде портуна күйүүчү май ташуучу кемелердин токтоосуна уруксат берилбегендиги жана Йемендин жээгинде 350 миң метрикалык тоннадан ашык күйүүчү май ташыган 13 танкердин кармалганы бөлүшүлдү.

Билдирүүдө күйүүчү майдын жетишсиздиги калктын базарларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка турмуштук маанилүү кызматтарга жетүүсүн татаалдатканы, таза суу жана электр кубаты менен камсыз кылууну коркунучка салгандыгы белгиленип,

«Генераторлорду колдонгон саламаттык сактоо мекемелеринде күйүүчү майдын жоктугунан электр энергиясы жок. Күйүүчү майдын кымбатташы азык-түлүк коопсуздугу жок 16 миллион йемендиктер ансыз деле негизги азык-түлүктү сатып алуу жагынан кыйналып жаткан маалда азык-түлүктүн кымбатташы дегенди билдирет»,деген сөздөр камтылды.

2021 жылдын азык-түлүк коопсуздугунун болжолдоолорунда өлкөдө 50 миң кишинин ачкачылык менен күрөшүп жатканы, 5 миллион кишинин бул абалдан бир кадам алдыда экендиги жана 11 миллион кишинин өзүн да, үй-бүлөсүн да багуу үчүн күрөшүп жатканы белгиленген билдирүүдө, бул божомолдор күйүүчү май кризисинин таасири кошулбастан жасалгандыгына көңүл бурулду.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Аль-Худейде порту аркылуу күйүүчү майдын жарандык жана коммерциялык жол менен киришине жана бөлүштүрүлүшүнө жол ачылшы темасында бардык тараптарды шашылыш чакыргандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар