Эки вакцинанын Ковид-19га каршы натыйжалуулугу

Улуу Британиянын Коомдук саламаттыкты сактоо агенттиги, Pfizer-BioNTech жана Oxford-AstraZeneca вакциналарынын Ковид-19 инфекциясын азайтуудагы таасири жөнүндө алгачкы көрсөткүчтөрдү жарыялады.

1593340
Эки вакцинанын Ковид-19га каршы натыйжалуулугу

Pfizer-BioNTech жана Oxford-AstraZenecaнын коронавирустук (Ковид-19) вакциналарынын бир дозасы, ооруканага жатып калууну 80 пайыздан ашуун кыскарткандыгы айтылды.

Улуу Британиянын Коомдук саламаттыкты сактоо агенттиги, Pfizer-BioNTech жана Oxford-AstraZeneca вакциналарынын Ковид-19 инфекциясын азайтуудагы таасири жөнүндө алгачкы көрсөткүчтөрдү жарыялады.

Ага ылайык, эмдөөдөн 4 жумадан кийин Pfizer-BioNTech вакцинасынын бир дозасы Ковид-19дан коргоодо 57-61 пайыз, Оксфорд-АстраЗенека вакцинасынын болсо 60-73 пайыз натыйжалуу экендиги аныкталды.

Эки вакцинанын тең бирден дозасы 80 жаштан жогорку курактагыларда эмдөөдөн болжол менен 3-4 жумадан кийин ооруканага жатып калууну алдын алууда 80 пайыздан ашык натыйжалуу экендиги белгиленди. Ошондой эле Pfizer вакцинасынын Ковид-19дан каза болгондорду 83 пайызга кыскарткандыгын көрсөткөн далилдер да табылды.

Ковид-19дун тез жайылган жана өлүмгө алып келүүчү түрүнүн таасири менен Британияда жуктургандар жана көз жумгандар көбөйгөн.

Бирок 5-январда башталган карантиндин жана вакцинанын таасири менен акыркы жумаларда күнүмдүк бейтаптардын саны жана каза тапкандардын саны да кыскарган болчу.



Тектеш кабарлар