Ажылык сапар үчүн Ковид-19 шарты

Ажылык сапар үчүн коронавируска (Ковид-19) каршы эмдөөдөн өтүүнүн негизги шарт экендиги билдирилди.

1593384
Ажылык сапар үчүн Ковид-19 шарты

Сауд Арабия быйыл ажылык сапар үчүн коронавируска (Ковид-19) каршы эмдөөдөн өтүүнүн негизги шарт экендигин жарыялады.

Сауд Арабиядагы «Указ» гезити, саламаттык сактоо министри Тевфик эр-Ребиянын министрликтеги жетекчилерге, ажылыкка барууну каалагандар үчүн Ковид-19га каршы эмдөөдөн өтүүнүн зарыл экендигин жана мунун ажылык сапардын шарттарынын бири деп билдиргенин маалымдады. 

Министр Ребия, Мекке, Медина жана ыйык жерлердеги саламаттык сактоо мекемелеринде иштей турган медицина кызматкерлерин алуу үчүн эрте даярдык көрүүнү талап кылды.

Ошондой эле жаңылыкта, министрдин ажылар үчүн Ковид-19 комиссиясын түзүүгө буйрук бергендиги кабарланды.



Тектеш кабарлар