Анжолина Жоли Уинстон Черчиллдин картинасын 8, 3 миллион стерлингге сатты
Картинаны Жолинин мурунку жубайы актер Брэд Питт 2011 - жылы актрисага белек кылган.
Оскар сыйлыгынын ээси америкалык актриса Анжелина Жоли Британиянын мурдагы премьер-министри Уинстон Черчиллдин коллекциясындагы картинасын 8,3 миллион стерлингге (болжол менен 85 миллион лира) сатты.
Би-Би-Синин кабарына ылайык, Экинчи Дүйнөлүк Согуш учурунда Черчилл тарткан жалгыз пейзаж "Кутубия мечитинин мунарасы" белгисиз адамга "Жоли үй-бүлөлүк коллекциясы" тарабынан 8,3 миллион стерлингге сатылды.
Черчилл АКШнын мурунку президенти Франклин Д.Рузелвельтке белек кылган картина Марокконун Маракеш шаарында күндүн батышын жылуу тондор менен полотного чагылдырган.
Черчилл 1935 - жылы Мароккого жасаган биринчи сапарында тарткан картина буга чейин 1,5 миллион стерлингге сатылган.
Картинаны Жолинин мурунку жубайы актер Брэд Питт 2011 - жылы актрисага белек кылган.