АКШ иммигранттарга уруксат берет

Майоркас, Трамп мезгилиндеги иммиграция саясатын "ырайымсыз" деп мүнөздөдү.

1593307
АКШ иммигранттарга уруксат берет

Америка Кошмо Штаттарынын Ички коопсуздук министри Алехандро Майоркас, экс-президент Дональд Трамптын тушунда чек арада балдарынан бөлүнгөн иммигрант үй-бүлөлөрүнүн АКШда биригишине жана өлкөдө калышына уруксат бере тургандарын билдирди.

Ак Үйдөгү пресс-конференцияда Майоркас, Трамп мезгилиндеги иммиграция саясатын "ырайымсыз" деп мүнөздөдү.

Өзгөчө Мексика чек арасынан өтүп жатканда үй-бүлөсүнөн күч менен ажыратылган балдар темасында иштеп жатышканын айткан Майоркас: «Чек арадан өтүп жатканда бөлүнгөн мыйзамсыз иммигранттардын үй-бүлөлөрүн АКШда же болбосо келген өлкөсүндө бириктиребиз деп үмүттөнөбүз. Биз аларга тандоону сунуш кылабыз. Бөлүнгөн үй-бүлөлөрдүн АКШда мыйзамдуу калууларынын жолдорун издеп жатабыз»,-деди.

Майоркас, Жо Байдендин администрациясы тарабынан үй-бүлөнү бириктирүү боюнча түзүлгөн атайын топтун ушул кезге чейин 105 үй-бүлөнү бириктиргенин белгиледи.



Тектеш кабарлар