Израилдин Дамаскка абадан кол салгандыгы жөнүндө айтымдар...

Бул тууралуу маалыматты Асад режиминин кабар агенттиги САНА аскердик булакка таянып берген.

1592489
Израилдин Дамаскка абадан кол салгандыгы жөнүндө айтымдар...

Башар Асад режими Израилдин Сириянын борбору Дамаскка абадан сокку ургандыгын жарыялады.

Асад режиминин кабар агенттиги САНА аскердик булакка таянып берген кабарында, Израилдин жергиликтүү убакыт боюнча саат 22: 16да басып алуусу астындагы Голан дөбөлөрү багытынан Дамасктын борборунун айланасындагы кээ бир режимге таандык пункттарына абадан кол салгандыгын билдирген.

Адам өмүрү же мүлк жоготуу жөнүндө эч кандай маалымат берилбеген жаңылыктарда, «Биздин абадан коргонуу тутумдарыбыз душмандын ракеталарын тосуп, алардын көпчүлүгүн талкалады»,деген сөздөргө орун берилди.

Бул темада Израилден эч кандай билдирүү жасалган жок.

Баш калаа Дамаскта режим армиясынан тышкары Ирандын Төңкөрүшчүл сакчыларынын кол астында чет элдик террордук топторго таандык аскердик пункттар бар.

Асад режими Израилдин 15-февралда Дамаскка, 4-февралда өлкөнүн түштүгүндөгү Кунейтра провинциясына, 13-январда Сириянын чыгышындагы Дейр-эз-Зорго, 7-январда борбор шаар Дамасктын түштүгүнө, 2020-жылдын 30-декабрда Дамасктын батыш тарабындагы Наби Хабил аймагына абадан кол салганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар