Кытайда 3500дөн ашуун байыркы мүрзөлөр табылды

Археологдор "Согушкан мамлекеттер доору" деп аталган мезгилге таандык 3500дөн ашуун байыркы мүрзөлөрдү табышты.

1591837
Кытайда 3500дөн ашуун байыркы мүрзөлөр табылды

Кытайдын Шаанши провинциясында байыркы 3500 мүрзө табылды.

«South China Morning Post» гезитинин маалыматына караганда, Шаанши провинциясынын борбору Шиан шаарында аэропортту кеңейтүү долбоорунун курулушунда казуу иштери улантылууда.

Археологдор, кеминде миң киши катышкан казууларда "Согушкан мамлекеттер доору" (б.з.ч. 475-221) деп аталган мезгилге таандык 3500дөн ашуун байыркы мүрзөлөрдү табышты.

Шаанши археология академиясынын изилдөөчүсү Ли Мин аймакта жүргүзгөн казуу иштеринде көптөгөн байыркы мүрзөлөрдү жана 4600гө жакын байыркы экспонаттарды тапкандарын айтты.

Ли Мин мүрзөлөр менен экспонаттардын байыркы маданияттар жөнүндөгү маалыматтарга салым кошорун айтты.



Тектеш кабарлар