Япониядагы тилсиз жоо

21-февралда башталган өрттөн кеминде 106 гектар токой зыян тартты.

1591704
Япониядагы тилсиз жоо

Япониянын Точиги провинциясында чыккан жана 6 күндөн бери өчүрүлбөй жаткан өрт 106 гектар токойду зыянга учуратты.

Точиги провинциясынын губернаторлугу, Ашикага районунун Нишиномия аймагындагы токой аянтында жекшемби күнү чыккан өрттү өчүрүү иштери улантылып жатканын билдирди.

Бир жума ичинде токой аймагына жакын жайгашкан 305 үйгө эвакуациялоо боюнча эскертүүлөр берилди.

21-февралда башталган өрттөн кеминде 106 гектар токой зыян тартты.

Ашикага муниципалитетинин маалыматына караганда, жабыркагандар катталган жок бирок токойдогу Синто храмындагы жыгач курулуш зыянга учурады.

Коомдук NHK телекөрсөтүүсүнүн жаңылыктарына ылайык, Чыгыш Япония авто жолунун өрт чыккан аймакка жакын бөлүктөрү жабылды.



Тектеш кабарлар