Франция Армениядагы тараптарды диологго чакырды
Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан Армениядагы козголоң кыймылынан кийин «демократиянын коргоого алынышы» үчүн тараптарды диологго чакырды.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан Армениядагы козголоң кыймылынан кийин «демократиянын коргоого алынышы» үчүн тараптарды диологго чакырды.
Жан-Ив Ле Дриан борбор шаар Парижде украиналык кесиптеши Дмитро Кулеба жолугушкандан кийин өткөргөн биргелешкен пресс- жыйынында жолугушууда эки тараптуу карым – катнаштардын каралгандыгын айтып Армениядагы козголоң кыймылы тууралуу : «Франция Армениянын президенти жана премьер- министринин легитимдүүлүгүнө таянып кыйын кезеңден өткөн өлкөдө тынчтыкчыл абалга өтүү үчүн диологдун болушун каалайт.Армян демократиясынын элементтери сакталышы керек»,- деди.
Ле Дриан Арменияда зомбулук коркунучунан тынчсыздангандыгын белгилеп : «Терең демократиялык күчкө ээ бул өлкөнүн туруктуулугуна жана армян демократиясына ишенебиз»,- деди.
Арменияда башкы штабдын төрагасы Оник Гаспарян жана жогорку мартабалуу командирлер премьер- министр Никол Пашинянды арыз берүүгө чакырган билдирүү жарыялаган.
Пашинян да армиянын билдирүүсүн «козголоң кыймылы» деп мүнөздөп, Гаспарянды кызматтан алгандыгын жарыялаган.
Тектеш кабарлар
Путин Эрдоганга телефон аркылуу көңүл айтты
Бул тууралуу Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынан маалымат берилди.