Деңизде 150дөн ашуун мыйзамсыз мигрант кармалды

Билдирүүдө быйыл кеминде 3700 качкындын кармалгандыгы кабарланды.

1591765
Деңизде 150дөн ашуун мыйзамсыз мигрант кармалды

Ливиянын жээктеринде 150дөн ашуун мыйзамсыз мигрант кармалды.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Эл аралык Миграция Уюмунун (ЭМУ) Ливиядагы кеңсесинин билдирүүсүндө, 150дөн ашуун мыйзамсыз мигранттын Ортоңку Жер Ортолук деңизинин жээгинде күзөт топтору тарабынан кармалып Ливияга жөнөтүлгөндүгү маалымдалды.

Билдирүүдө быйыл кеминде 3700 эркек, аял жана балдардан турган качкындардын кармалгандыгы кабарланды.

Бул иммигранттардын көпчүлүгүнүн "учурда шарттары ого бетер начарлаган убактылуу кармоочу жайларга жеткирилгендиги" белгиленди.

Ливия, акыркы жылдары жакырчылыктан жана кагылышуулардан качкан африкалык качкындардын Европага өтүүлөрүндө эң маанилүү пунктка айланды.



Тектеш кабарлар