АКШдагы түрк коомдору Хожалы кыргынын айыпташты

Билдирүүдө, 1992-жылы Хожалыда армян күчтөрү тарабынан жасалган кыргын айыпталды.

1591124
АКШдагы түрк коомдору Хожалы кыргынын айыпташты

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) иш алып барган түрк жарандык коомдук уюмдар, Хожалы кыргынынын 29 жылдыгына карата эскерүү билдирүүсүн таратты.

Түрк-Америка башкаруу комитети (TASC) жарыялаган билдирүүдө, Армениянын армиясы тарабынан Азербайжандын Хожалы шаарында 106 аял менен 63 бала да арасында болгон 613 аялуу жарандын өлтүрүлүшүн айыптады.

Билдирүүдө: «Биз эл аралык коомчулукка армян күчтөрү тарабынан жасалган зомбулук жөнүндө маалымат берип, бул оор согуш кылмышы үчүн акыйкаттыкты талап кылышыбыз керек» деген сөздөр камтылды.

Түрк Америкалык Ассоциациялар Башкармасы (ATAA) жарыялаган билдирүүдө да, 1992-жылы Хожалыда армян күчтөрү тарабынан жасалган кыргын айыпталып, АКШ жана эл аралык коомчулукту бул кылмыш үчүн Армениянын лидерлерин жоопко тартууга чакырды.

1992-жылы 26-февралда Армениянын Куралдуу күчтөрү Азербайжандын Хожалы шаарын мурунку Совет армиясынын 366-моторлуу полку менен басып алып, 63ү балдар, 106сы аялдар жана 70и карыялардан турган 613 адамды курман кылышкан болчу.

Кыргындан 76сы балдар жалпы 487 адам катуу жаракат алып аман калышкан.

Армян аскерлери 1275 кишини туткунга алып, алардын 150сүнөн ушул күнгө чейин дайын жок.



Тектеш кабарлар