Эквадордо абактарда каза болгондордун саны 67ге жетти
Түштүк Америка өлкөсү Эквадордогу абактарда чыккан көтөрүлүштөргө полициянын кийлигишүүсү менен каза болгондордун саны 67ге жетти.
Түштүк Америка өлкөсү Эквадордогу абактарда чыккан көтөрүлүштөргө полициянын кийлигишүүсү менен каза болгондордун саны 67ге жетти.
Эквадор басма сөзүнө маалымат берген жетекчилер абактарында чыккан көтөрүлүштүн козголоңчулардын ортосундагы лидерлик күрөшүнөн чыккандыгын жана кечээ эрте мененки сааттарда 3 шаарда бир убакта башталгандыгын билдиришти.
Жетекчилер Гуаякиль, Куэнка жана Латакунга түрмөлөрүндөгү тополоңдо каза болгон туткундардын саны 67ге жеткенин белгилешти.
Социалдык тармактарда жарыяланган сүрөттөрдө айрым туткундардын башынын кесилгендиги билдирилүүдө.
Президент Ленин Морено твиттердеги билдирүүсүндө : «Кылмыш топтору өлкөнүн ар кайсы түрмөлөрүндө бир эле мезгилде зомбулук аракеттерин көрсөтүшүүдө. Коопсуздук күчтөрү Гуаякиль, Куэнка жана Латакунга түрмөлөрүндө коопсуздукту калыбына келтирүү үчүн чараларды көрүшүүдө»,- деди.