Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчү

Индияда эпидемиядан улам каза болгондорддун саны 156 598ге, бейтап саны 11 миллион 29 326га жетти.

1589759
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчү

Ковид  - 19дун айынан жалпы дүйнөдө каза болгондордун саны 2 миллион 498 535тен жогорулады. Бейтап саны 112  миллион 741 000ден, айыккандардын саны 88 миллион 310 000ден жогорулады.

Индияда эпидемиядан улам 24 саатта 100 киши каза болуп, 13 463 киши вирус жуктурган. Өлкөдө каза болгондорддун саны 156 598ге, бейтап саны 11 миллион 30 176га жетти.

Японияда коронавируска каршы жалпы өлкөдө 10 аймактагы өзгөчө кырдаалдын Осака, Хиого, Киото жана Ачиден эрте жоюлушу талап кылынды.

Израилде Ковид- 19дун бар экендигин кабыл албаган жана вируска каршы элди эмдөөгө каршы чыккан бир дарыгердин Бней Брак шаарында клиника ачуу үчүн берилген лицензиясы жоюлду. Ультра – православ еврейлер көп жашаган, 210 000 калктуу Бней Брак шаарында ар бир 5 кишиден бирөөсүнүн Ковид- 19 вирусун жуктургандыгы көңүлдөрдү бурууда.

Палестинанын экономика министри Халид-ел-Усейли жана өкмөттүн катчысы Ибрахим ел-Мулхимдин Ковид- 19 тестинин позитив чыккандыгы билдирилди. Палестинада эпидемиядан каза болгондордун саны 3000ге жетип, Ковид- 19 бейтап саны 199 769га жогорулады.

Сенегалдын президенти Макки Салл өлкөсүнүн Ковид – 19 вакциналарын глобалдык жеткирүү программасы COVAXка киргизилгендигин бирок процесстин абдан жай иштегендигин белгилеп : «Өнүккөн өлкөлөр эмдөөнү баштады, президент катары COVAXтан вакциналардын келишин күтө албайт элем»,- деди. Салл биринчи чыккан вакцинанын Кытайдын Sinopharm вакцинасы болгондуктан аны алууну тандагандыгын белгиледи.

Ганада Ковид  - 19дан 584 киши каза болуп, 81 245 киши вирус жуктурган. Гана ДСУнун төмөнкү жана орто кирешелүү  өлкөлөрдүн вакциналарга жетүүсүнө мүмкүнчүлүк түзгөн  Ковид  - 19  вакциналарына глобалдык жетүү программасы COVAX тарабынан таратылган Ковид  - 19  вакциналарын өткөрүп алган биринчи Африка өлкөсү болду. 

 

 

 



Тектеш кабарлар