Техаста дагы деле 9 миллионго жакын киши сууга жете албай жатат

Техастын губернатору Грег Эбботт, Техас Улуттук гвардиясы дем алыш күндөрү 3,5 миллион бөтөлкө суу таратканын айтты.

1588887
Техаста дагы деле 9 миллионго жакын киши сууга жете албай жатат

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) ички, борбордук жана түштүк аймактарында өткөн жумада алардын жашоо-турмушу шал кылган полярдык сууктан улам Техаста 9 миллионго жакын адам суунун жетишсиздигинен жапа чегүүдө.

Техастагы Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комиссиянын билдирүүсүндө, аба-ырайынын нормалдуу абалына келгенине карабастан, штаттагы калктын дээрлик үчтөн бирине туура келген 8,8 миллион адам дагы деле болсо сууга жете албай турганы жарыяланды.

Штат боюнча 1200дөн ашык жалпы пайдалануудагы суу тутумдары дагы деле болсо оңдоодон өтө электигин белгилеп, жарандардан крандагы сууну керектөөдөн мурун кайнатууну суранышты.

Техастын губернатору Грег Эбботт, Техас Улуттук гвардиясы дем алыш күндөрү 3,5 миллион бөтөлкө суу таратканын айтты.

Өткөн аптада миллиондогон адамдар жабыркаган электр энергиясынын өчүрүлүшү көйгөйү дем ​​алыш күндөрү дээрлик жоюлуп, 15 миңден ашуун адам дагы деле жарыксыз калганы айтылды.

Катуу сууктан жана штаттагы электр энергиясынын тартыштыгынан улам, энергияга болгон баанын ашыкча көтөрүлүп кетиши менен үй чарбалары жана бизнес ээлеринин колдонгон электр энергиясына миңдеген долларлык төлөмдөр келди.

АКШда 11-февралдан бери айрыкча Техас штаты баш болуп бир топ аймакка таасирин тийгизген катуу сууктан улам жана буга байланыштуу кырсыктардан 70тен ашуун адам каза болду.

 



Тектеш кабарлар