Колумбияда болгон куралдуу кол салууларда 11 киши каза болду

Колумбиянын Нарино шататында козголоңчулардын кагылышуусунда 2 күндө 11 киши каза болду.

1589122
Колумбияда болгон куралдуу кол салууларда 11 киши каза болду

Колумбиянын Нарино шататында козголоңчулардын кагылышуусунда 2 күндө 11 киши каза болду. Коргоо министри Диего Молано зомбулук окуяларынын "Контадорес" жана "Оливер Синистрера" деген эки бандалык топтун аймакты көзөмөлдөө чыр – чатагынан улам чыккандыгын билдирди.

Кылмышкерлерди табуу үчүн жарандардан жардам сураган Молано, баңгизат ташуучуларга жана кылмыштуу топторго каршы күрөшүүдө маалымат берген адамдарга чоң суммадагы сыйлык берилерин жарыялады.

Молано кылмыштуу уюмдардын 54 мүчөсүн 2021-жылдын башынан бери жүргүзгөн операцияларда колго түшүргөндөрүн айтты.

Жылдын башынан бери өлкөнүн ар кайсы аймактарында куралдуу топтордун кол салууларынан 50дөн ашуун адам каза тапты, Антиокия, Каука жана Нарино сыяктуу аймактар зомбулукка көбүрөөк дуушар болгон.



Тектеш кабарлар