Грузияда негизги оппозициячыл Ника Мелиа камакка алынды

Бириккен Улуттук Кыймылынын лидери Ника Мелиа жүздөгөн полиция катышкан операцияда кармалды.

1589112
Грузияда негизги оппозициячыл Ника Мелиа камакка алынды

Грузияда депутаттык мандаты  алынган жана камоо чечими чыгарылгандыгына карабастан багынбаган Бириккен Улуттук Кыймылынын лидери Ника Мелиа жүздөгөн полиция катышкан операцияда кармалды. Бир саатка жакын созулган операциядан кийин Мелиа камоого алынды.

2019 -  жылы 20 -  июнда Грузияда өткөн 26-Православдык Парламенттер аралык Башкы Ассамблеянын сессиясында Россиянын Коммунисттик партиясынын мүчөсү жана Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Сергей Гавриловдун парламент спикеринин орундугуна отурушуна миңдеген киши нааразычылык билдирген.

Митингчилерди көкүттү деген нгиз менен  камакка алынып, кийин күрөөгө бошотулган Мелиа күрөөсүн төлөбөгөндүктөн кайра камакка алынган.

Башкы прокурордун  талабы боюнча кечээ болгон кезексиз парламенттик отурумда көпчүлүккө ээ болгон бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы Мелианы мандатынан ажыратуу тууралуу добуш берген. Тбилиси шаардык соту да Мелиа тууралуу камоо чечимин чыгарган бирок негизги оппозиция лидери полицияга багынган эмес.

Мелиа өзүн колдоо үчүн партиясына келген оппозициячыл лидерлер менен өткөргөн пресс  - жыйында соттун чечимин кабыл албагандыгын жана полицияга багынбай тургандыгын билдирген.

Грузиянын премьер  - министри Гиоргий Гахария 18 -  февралда берген билдирүүсүндө негизги оппозициянын лидери Бириккен Улуттук Кыймылдын лидери Ника Мелианын камоого алынышы тууралуу өзүнүн командасында түрдүү пикирлерден улам арыз бергендигин белгилеген.

Жаңы премьер  - министр Иракли Гарибашвили кечээ парламенттен ишеним добушун алды. Гарибашвили парламентте сүйлөгөн сөзүндө Мелианы камоого алуу чечиминин мыйзамдуу жолдор менен орундатыларына убада берген.



Тектеш кабарлар