Батыш өлкөлөрүндө COVID-19

Вирус дагы деле коркунуч жаратууда.

1588835
Батыш өлкөлөрүндө COVID-19
ABD SPR korona.jpg
super foto fransa korona fransa 1.jpg
koronavirus2.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 485 миң 390ду түздү. Илдетке чалдыккандардын саны 112 миллион 263 миңге, ал эми айыгып кеткендердин саны 87 миллион 798 миңге жетти.

Пандемиянын чордону АКШда вирустун айынан каза тапкандардын саны 512 миң 590дон, ооруну жуктуруп алгандардын саны 28 миллион 826 миң 307ден ашты.

Ковид-19дан улам акыркы 24 саатта Бразилияда 639, Мексикада 429, Перуда 166, Аргентинада 163, Колумбияда 140, Чилиде 84 жана Боливияда 29 ада көз жумду. Бул маалыматтар менен вирустан каза болгондордун саны Бразилияда 247 миң 276, Мексикада 180 миң 536, Перуда 45 миң 263, Аргентинада 51 миң 359, Колумбияда 58 миң 974, Чилиде 20 миң 126, Боливияда 11 миң 470ке жетти.

Мексикада өкмөт, өлкөдө жашаган 60 жаштан жогорку иммигранттардын кытайлык Sinovac компаниясы тарабынан иштелип чыккан "коронавак" вакцинасы менен эмделерин билдирди.

Улуу Британияда акыркы 24 сааттын ичинде вирустун кесепетинен 178 өлүм жана 10641 жаңы учур катталды. Өлкөдө каза болгондордун саны 120 миң 757, ал эми ооруну жуктургандардын саны 4 миллион 126 миң 150нү түздү. Премьер-министр Борис Жонсон эпидемияга байланыштуу киргизилген карантиндин 8-марттан баштап оорулардын санын жана эмдөөлөрдү эске алуу менен бара-бара алынып салынарын билдирди.

Италияда пандемиянын айынан акыркы 24 саатта 274 адам каза болуп жалпы сан 95 миң 992ге жетти. Ооруга чалдыккан адамдардын саны 9 миң 630га көбөйүп 2 миллион 818 миң 863кө жогорулады.

Францияда акыркы 24 саатта Ковид-19дан улам 333 адамдын каза болушу менен жалпы сан 84 миң 613тү түздү. Бир күндө 4 миң 646 жаңы учур катталып, бул илдетке чалдыккандардын саны 3 миллион 609 миң 827ге жетти. Ковид-19 чараларынын алкагында борбор шаар Париждин эки аймагында белгилүү сааттардын ортосунда алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө тыюу салынды.



Тектеш кабарлар