АКШда катуу сууктан каза болгондордун саны 70ке жетти

Өлөкдө гепотермиянын кеминде 77 учуру катталды.

1588241
АКШда катуу сууктан каза болгондордун саны 70ке жетти

АКШда катуу сууктан улам 70ке жакын киши каза болду.

Тексас жана башка бир топ аймакта адамдар электр жарыгысыз калып, негизги турмуштук муктаждыктарын камсыз кыла албай калды жана гепотермия менен ооругандар көбөйдү.

Өлкө боюнча көмүр кычкыл газынан уулануу жана гепотермия сыяктуу себептерден каза болгондордун саны көбөйүүдө.

Электр үзгүлтүгү болгон жана жетиштүү жылуулук берилбеген Техас штатында дене температурасынын кескин төмөндөшүнөн улам 11 жаштагы баланын төшөгүндө каза тапканы маалымдалды.

Өлөкдө гепотермиянын кеминде 77 учуру катталды.

New York Times гезити Тексаста кычкылтек түтүгү менен жашаган 75 жаштагы Кэррол Андерсон аттуу бейтаптын электрдин үзгүлтүккө учурашынан улам көз жумганын жазган.

Электр үзгүлтүктөрүнүн айынан иштетилген генераторлор да көмүр кычкыл газынан ууланууларга себеп болду.

Тексаста жетекчилер суу тазалоо борборлоруна да таасирин тийгизген электр үзгүлтүктөрүнөн улам крандан алынган сууну пайдалангандан мурда кайнатуу керектигин айтышты.



Тектеш кабарлар