Палестиналыктардын жарымы гуманитардык жардамга муктаж

Израиль оккупациясы жана блокадасы астындагы жерлерде жашаган палестиналыктардын жарымы гуманитардык жардамга муктаж.

1587336
Палестиналыктардын жарымы гуманитардык жардамга муктаж

Израиль оккупациясы жана блокадасы астындагы жерлерде жашаган палестиналыктардын жарымы гуманитардык жардамга муктаж.

БУУнун Жакынкы Чыгыш боюнча атайын координаторлук кеңсеси даярдаган отчетто палестиналыктардын социо -  экономикалык өнүгүшү жактан 2020 -  жылдын 1994 -  жылдан берки эң жаман жыл болгондугу билдирилди. Мында өзгөчө Ковид  -19 эпидемиясы жана болгон финансылык кризистин таасирдүү болгондугу баса белгиленди.

Эпидемиядан улам 2020  жаз мезгилинен тарта  киргизилген карантинден улам 150 000ге жакын палестиналыктын жумушун жоготкондугу, 2020 -  жылдын 17 -  декабрынан тарта кенен түрдө киригизилген карантиндин тескери таасири болору билдирилди.

Отчетто Палестина экономикасынын 2020 -  жылы 10  - 12  пайыздын ортосунда кичирейгенине, мунун Палестина башкаруусу курулган 1994 -  жылдан берки эң чоң жылдык тараюлардын бири экендиги белгиленди.

Эпидемия күч алган кризис менен бирге Палестина калкынын дээрлик жарымынын гуманитардык жардамга муктаж экендигине басым жасалган отчетто, өткөн жылы болгон терс окуялар (эпидемия, каржы кризиси) жакынкы жылдары палестиналыктардын өнүгүү траекториясына терс таасирин тийгизиши күтүлүп жаткандыгы белгиленди.

БУУнун отчетунда эл аралык коомго, Палестина башкаруусунун экономикалык реформа убадаларын орундатуусуна жардам берүү үчүн техникалык жардам менен бирге түрдүү гуманитардык жардам жана өнүгүү долбоорлорун колдоого чакырылды.



Тектеш кабарлар