Алжир эрте шайлоого барат

Алжирдин президенти Абдулмежид Теббун 48 сааттын ичинде кабинетте өзгөрүүлөрдүн болорун айтты.

1586684
Алжир эрте шайлоого барат

Алжирдин президенти Абдулмежид Теббун эрте шайлоого баруу үчүн парламентти таркаткандыгын белгилеп, 48 сааттын ичинде кабинетте өзгөрүүлөрдүн болорун айтты.

Германияда дарылангандан кийин бул айда өлкөсүнө кайткан Теббун саясий партиялардын лидерлери менен өткөргөн сүйлөшүүлөрдө эрте шайлоо тууралуу кабар берип аракетке өттү.

Алжирдин президенти кечээки улутка кайрылуу сөзүндө парламенттин биринчи канаты Улуттук Элдик Парламентин таркаткандыгын жана эң кыска убакытта эрте шайлоого барыларын айтты бирок бир күндү белгилеген жок. Теббун  48 сааттын ичинде кабинетти кайра карап чыгышарын билдирди.

 

 



Тектеш кабарлар