Дүйнөнү каптаган Ковид - 19

Коронавирус чыгыш өлкөлөрүндө дагы деле таасирдүү болууда.

1585294
Дүйнөнү каптаган Ковид  - 19

 Жалпы дүйнөдө Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 2 миллион 432 300дөн ашты.  Бейтап саны 110 миллион 145 000ге, айыккандардын саны 84 миллион 967 000ден жогорулады.

Индияда эпидемиядан улам каза болгондордун саны 155 977ге,  бейтап саны 10

Эпидемиядан улам 59 184 киши каза болуп, 1 миллион 542  76 киши вирус жуктурган Иранда Саламаттыкты сактоо билимдери университетинин президенти Желил Кухпайезаде борбор шаар тегеранда 5 – 17  жаш арасындагы кишилерге Ковид  - 19  вирусунун ылдам жукканы байкалгандыгын айтты.

Нигерияда  эпидемиядан 1777 киши каза болуп, 148 296 киши вирус жуктурган. Нигерияда өкмөт коронавирус менен  күрөшүүнүн негизинде дагы 1, 4 миллион доза AstraZeneca вакцина алды. Бул вакциналардын биринчи 500 000 дозасы февраль айынын акырына чейин өлкөгө тапшырылат.

Ковид  -  19дан улам 70015 киши каза болуп, 417 765 киши вирус жуктурган Японияда медицина кызматкерлерине вакцина бериле баштады. Келерки жумага чейин 40 000 медицина кызматкерине биринчи доза вакцинанын берилиши пландалууда.  

Иракта эпидемиядан улам 13 192 киши каза болуп, 649 982 киши вирус жуктурган. Өлкөдө Нежеф губернатору Луей ел  - Ясири Ковид  - 19  менен күрөшүүнүн негизинде чек араларын 4 күнгө жабуу чечимин кабыл алды.

Израиль  Палестина башкаруусунун блокада астындагы Газа тилкесине жиберген Ковид  - 19  вакциналарынын бир бөлүгүнүн киришин бекитти. 

Африка материгинде Ковид  - 19 дан каза болгондордун саны 99 551ге жетти. Жалпы материкте  бейтап саны 3 миллион 796 683кө жогорулады. Материкте эң аз бейтап Түштүк Африка Республикасы, Марокко, Тунис, Египет жана Эфиопияда аныкталды. Ушул кезге чейин Руанда, Марокко, Алжир, Египет, Сейшеллдер, Маврикий жана Экватор Гвинеясы массалык эмдөөнү баштады. 

 



Тектеш кабарлар