AфБ жана БУУнун Сомалиге биргелешкен билдирүүсү

Сомали оппозициясынын президенттикке талапкерлери президент Мухаммед Абдулла Фермакунун 8-февралда мөөнөтү бүткөнүнө карабастан, анын ордунда калышына нааразычылыгын билдирип, элди көчөгө чыгууга чакырышкан.

1585138
AфБ жана БУУнун Сомалиге биргелешкен билдирүүсү

Африка Биримдигинин (AфБ) Комиссиясынын төрагасы Муса Факи Мухаммед жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антонио Гутерриш шайлоону өз убагында өткөрбөгөндүктөн улам тирешүү күч алган Сомалиде тараптарды «диалогго» чакырышты.

AфБ жана БУУнун биргелешкен билдирүүсүндө, акыркы жылдарда өлкөнүн ырааттуулук багытында жетишкен ийгиликтери үчүн Сомали эли жана лидерлери жогору бааланган жана бул жетишкендиктер Сомали элинин акыркы тынчтык жыйынтыгына жетүүгө болгон чечкиндүүлүгүнүн далили экендиги айтылган.

2020-жылдын 17-сентябрында өткөн шайлоого байланыштуу өлкөдө түзүлгөн келишимди урматтоону суранган билдирүүдө, «Комиссиянын төрагасы жана Башкы катчысы Сомалинин лидерлерин диалогду улантууга жана шайлоодогу саясий тоскоолдуктарды тезирээк жеңүү үчүн компромисстик духта иштөөгө чакырышууда»,делген.

Сомали оппозициясынын президенттикке талапкерлери президент Мухаммед Абдулла Фермакунун 8-февралда мөөнөтү бүткөнүнө карабастан, анын ордунда калышына нааразычылыгын билдирип, элди көчөгө чыгууга чакырышкан.

Фермаку жана провинциялардын башчылары шайлоо процесси боюнча 17-сентябрда бир пикирге келишкен, бирок өкмөт жарыялаган федералдык комиссиялардагы пикир келишпестиктерден улам график белгиленбей калган.



Тектеш кабарлар