Индияда жүргүнчү ташыган автобус суу каналына түштү
Кырсыкта 40 адамдын каза болгондугу билдирилди.
1584596
Индиянын Мадхья-Прадеш штатында жүргүнчү ташыган автобус суу каналына кулап, 40 адам каза болду.
Өлкөнүн басма сөзүндөгү жаңылыктарга ылайык, жетекчилер Мадхья-Прадештин Сидхи аймагындагы Патна айылына жакын жерде 46 жүргүнчүсү болгон автобус көпүрөдөн суу каналына кулап түшкөнүн кабарлашты. Кырсыктан 40 адамдын каза болгону, 6 адамдын куткарылганы маалымдалды.
Окуя боюнча тергөө иштери башталды.
Индияда кароосуз калган жолдордун, эски унаалардын сыйымдуулугунан ашык жүргүнчү ташыган автобустардын жана айдоочулардын этиятсыздыгынан жыл сайын 100 миңден ашуун адам каза болууда.